Ысык-Көлдүн тургуну эне-баланы сабады деп айыпталууда

Ысык-Көлдүн тургуну эне-баланы сабады деп айыпталууда

Ысык-Көлдө наристени жана анын апасын сабаган аялга байланыштуу иш сотто каралууда. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, окуя былтыр күзүндө болгон. Айгүл (аты-жөндөрү өзгөртүлдү) сегиз жаштагы Рамисти сабап, андан кийин баласы эмнеден жабыркаганын иликтөө үчүн келген апасы Мээримди жарадар кылган деп айыпталган. Жабырлануучулардын денесине жеңил залал келтирилген.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу жана анын жактоочусу ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Биринчи инстанциядагы сот аны канааттандырган. Соттун аныктамасы менен макул болбогон прокурордун орун басары апелляциялык арыз менен кайрылып, анда кылмыш ишин кошумча тергөөгө жөнөтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептеп, аны жокко чыгарууну өтүнгөн.

Айыпталып жаткан Айгүл бул айыпка макул эместигин, анткени жабырлануучу кызын да сабап салганын, Мээрим анын үстүнөн арыз жазганын бир айдан кийин билгенин айткан. Биринчи инстанциядагы соттун чечиминде окуя учурунда айыпталуучу менен анын кызы да денесинен жаракат алган деген жүйө келтирилген.

Соттук коллегия Айгүл күнөөлүүлөргө чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу деп эсептеп, Каракол шаардык сотунун кылмыш ишин прокурорго кайтаруу боюнча чечимин жокко чыгарды. Иш маңызы боюнча кароо үчүн ушул эле сотко жиберилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>