«Ысык-Ата» санаторийинин мурдагы мүдүрүнө иш козголду

«Ысык-Ата» санаторийинин мурдагы мүдүрүнө иш козголду

«Ысык-Ата» санаторийинин мурунку мүдүрү жана айрым кызматкерлери 12 млн 996,6 миң сом кымырып алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук прокуратурасы аталган санаторийде текшерүү жүргүзгөн.

«Текшерүүдө, санаторийдин мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылыдары жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле, эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу боюнча келишимдерди түзүп, санаторийге 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен», — деп билдиришти прокуратурадан.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>