Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн 16…21,
күндүз 30…35,
Талас облусу
түнкүсүн 13…18,
күндүз 31…36,
Баткен облусу
түнкүсүн 17…22,
күндүз 32…37,
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 32…37. 17…22
күндүз 32…37
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 14…19
күндүз 25…30
Нарын облусу
түнкүсүн 10…15 күндүз 27…32
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° жылуу болот