Ишкерлик баштоону каалаган студенттерге акча бөлүнөт

Ишкерлик баштоону каалаган студенттерге акча бөлүнөт

Ишкерлик баштоону каалаган студенттерге өкмөт тарабынан 10 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле өкмөттүн токтому менен студенттик стартаптарга 10 млн. сом бөлүү каралды.

Биз дагы мыйзам долбооруна студенттик стартаптар тууралуу киргизгенбиз. Жаш ишкерлерге өкмөттүн жардамы менен каржылык колдоо көрсөтөлү деп жатабыз. Мамлекеттен сырткары, эл аралык уюмдар бир топ гранттык каражаттарды бөлүшөт. Бул акчанын баары жаштарга, студенттерге өздөрүнүн стартап долбоорун баштаганга бөлүнүп жатат”, — деди ал.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча долбоорлорго сынак жарыяланган. Учурда комиссия тандоо жүргүзүүдө. Комиссия тандагандан кийин бир жыл окутуулар өтөт.

“Каражат дароо бөлүнүп берилбейт. Окутуу бүтүп, ишкердикке үйрөтүлгөндөн кийин быйыл күз айларында 1 млн. сомго жакын акча ошол долбоорлорду колдогонго берилет”, — деди Марат Тагаев.

Тэги: студент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>