Европа биримдиги Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоо үчүн 2,4 млрд доллар бөлөтКел-Суу көлүндө заманбап туристтик шаарча пайда болотЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо кантип добуш бере алат?Бишкекте логистикалык, транспорттук жабдуулардын эл аралык көргөзмөсү өтөтМындан ары курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” илиниши милдеттүүБишкекте дүйнө окумуштууларын бириктирген VII Эл аралык Евразиялык симпозиум болуп өттү
13 жаштагы Айсезим Арзыматова изделүүдө
11.05.2023 | 22:15
Сокулук районунда 13 жаштагы дайынсыз жоголгон Арзыматова Айсезим Данияровна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздын туугандары милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, чачы далысына чейин кара, арык чырай, ак жүздүү.
Кийимдери: кара-күрөң түстөгү свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.
Жогорудагы Арзыматова Айсезим Данияровнаны көргөн-билгендер төмөндөгү телефон номерлер аркылуу билдирсе болот: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом