Бишкек: Челектерге туура эмес таштандыларды салгандар айыпка жыгылат

Бишкек: Челектерге туура эмес таштандыларды салгандар айыпка жыгылат

Таштанды челектерге белгиленбеген таштандыларды таштоого тыюу салынат. Бул  тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Бишкек шаарында ар кандай өндүрүштүк жайлар, өзгөчө тигүүчү цехтер калдыктарын таштанды урналарга төгүүдө. Бул күн санап көйүп жаткандыктан таштанды урналар графиктен эрте толуп калып жатат.

Натыйжада “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине түйшүк жаратат жана шаардыктардын нааразычылыгын пайда кылат.

Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарда тигүү цехин жана башка өндүрүштүк жайларды иштеткен ишкерлерди  келишим түзүүгө же калдыктарды түз таштанды төгүүчү жайга алып барууга чакырат.

Таштанды урналары жайгашкан аянтчаларга видео байкоолор орнотулуп, “Тазалыктын” кызматкерлери күнү-түнү рейд жүргүзүү иш- аракеттерин күчөтүүдө.

Кармалган жарандар айыпка жыгылып, протоколдор түзүлөт. Эгер сиз унаа менен тигүү цехинин же курулуш материалдарынын калдыгын төгүп жаткан учурду байкап калсаңыз, 0772 666 641 ватсап номерге же mp_tazalyk_bishkek инстаграмм, фейсбук баракчаларга видео, сүрөт билдирүүлөрдү жиберип коюңузду өтүнөбүз» деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>