15-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк түрк тил бүлөсүнүн күнү деп жарыяланды

04.11.2025 | 13:45

Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Улуттар Уюму (ЮНЕСКО) 15-декабрды расмий түрдө Бүткүл дүйнөлүк түрк тил бүлөсүнүн күнү деп жарыялады.

Мындай чечим ЮНЕСКОнун Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн 43-Башкы конференциясында кабыл алынды. Анын жүрүшүндө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан 15-декабрды «Бүткүл дүйнөлүк түрк тил бүлөсүнүн күнү» деп жарыялоо сунушун киргизишкен. Бул демилге дагы 21 мүчө мамлекет тарабынан колдоого алынган.

“15-декабрдын тандалышы өзгөчө мааниге ээ. Анткени 1893-жылдын 15-декабрында даниялык окумуштуу Вильгельм Томсен түрк тилинин эң байыркы жазма эстеликтеринин бири болгон Орхон жазууларынын алфавитин чечмелеп чыкканын жарыялаган”,- деп айтылат маалыматта.

2025-жылдын 7-октябрында Азербайжанда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 12-саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 15-декабрды Бүткүл дүйнөлүк түрк тил бүлөсүнүн күнү деп жарыялоо сунушун ЮНЕСКОнун 43-Башкы конференциясында кароону сунуштаган. Ал “жасалма интеллект жаатындагы дүйнөлүк жетишкендиктерге шайкеш өнүгүү жана маданий байлыкты сактоо үчүн түрк мамлекеттери биргелешип түрктөрдүн чоң тил моделин иштеп чыгуу иштерин тездетиши керек” деп белгилеген.

Ошондой эле бул саммитте Эрдоган түрк мамлекеттери үчүн бирдиктүү алфавит маселесинде Түркия биринчи кадам жасаганын айтып, түрк мамлекеттеринин башчыларына орток түрк алфавитинде менен басылып чыккан Чыңгыз Айтматовдун эмгегин жана «Огузнамени» белекке берген.

Scroll to Top