Бишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет
ИИМ «Түндүктүн» кызматкеримин деп жеке маалыматтарды сураган шылуундардан сак болууга чакырды
04.11.2025 | 13:01

Акыркы убактарда өздөрүн «Түндүк» системасынын кызматкери катары тааныштырып, жарандарга чалып, жеке маалыматтарды сураган учурлар көбөйүүдө. Ички иштер министрлиги жарандарды мындай шылуундардан сак болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, шылуундар ошондой эле коддорду, сыр сөздөрдү же документтердин сүрөттөрүн талап кылышууда.
ИИМ чыныгы «Түндүк» системасынын кызматкерлери эч качан WhatsApp аркылуу чалып же жазып, жеке маалымат сурабай тургандыгын билдирип, төмөнкүлөрдү эскертти:
Чалып жаткан адам мамлекеттик кызматкер болуп тааныштырса да, тастыктоо коддорун, сыр сөздөрдү, пиндерди жана документ номурларын эч кимге айтпаңыз.
Эгер сизге ушундай чалуу түшсө, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, милицияга билдириңиз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом