(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +14…+19
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +13…+18
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +10…+15
Нарын облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +7…+12
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз