Үйлөрдөн жарым миллион сомдон ашык акча уурдагандар кармалды  

Үйлөрдөн жарым миллион сомдон ашык акча уурдагандар кармалды  

Балыкчы шаарында бир катар уурулукка шектелип, Бишкек шаарынын тургундары кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, март айынын башында Балыкчы шаарында бир катар батирдик уурдоо фактылары орун алган.

Кылмышкерлер бир эле ыкма боюнча үйдүн ичине терезелердин желдеткичтери аркылуу киришип, негизинен акча каражаттарын жана алтын буюмдарын уурдашкан. Алардын кылмыш ишинин натыйжасында үч жергиликтүү тургунга 519 000 сом жана 300 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бардык батирдик уурдоолор боюнча Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакында өткөрүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Тоң районунун Кубака участогунда, мурда батирдик уурдоо кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон, Балыкчы шаарына кезектеги батирдик уурдоо үчүн бара жатышкан Бишкек шаарынын тургундары, 59 жаштагы К.С. жана 39 жаштагы А.Р. кармалышкан. Шектүүлөр Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Алдын ала сурактын жүрүшүндө шектүүлөр батирдик уурдоонун 3 фактысы боюнча өз күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө жүргүзүү мезгилинде 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында тергөө амалдарын улантышууда жана шектүүлөрдүн ушул өӊдүү кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугун текшерүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>