15 млн сомдук жүгүртүүгө чейин салыктан бошотулат. Жаңы ишкерлерге кандай жеңилдиктер бар?

31.01.2026 | 11:00

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов жаңы бизнес баштаган ишкерлерге каралган жеңилдиктер боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, жаңы ишкерлер 15 миллион сомго чейинки жылдык жүгүртүүсү менен салык төлөбөстөн иш жүргүзө алышат. Ишкердик субъектисинин жүгүртүүсү аталган суммадан ашкандан кийин гана ал чакан бизнестен орто бизнес категориясына өтөт жана салык төлөө милдеттенмеси пайда болот.

“Ошондой эле, жаңы ишкердикти баштап жаткандарга ККМ аппараттары акысыз берилип жатат. Аларды салык органдарынан алып кетишсе болот. Мамлекет тарабынан шарт түзүлүп, ишкерлерге колдоо көрсөтүлүүдө”,–деди Мирлан Рахманов.

Мындан тышкары ал ишкердик субъектин каттоо процесси санариптештирилгенин маалымдады. Ишкерлер салык органына барбастан, атайын мобилдик тиркеме аркылуу онлайн каттоодон өтүп, ККМ орнотуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу. Бул механизм Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Scroll to Top