Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт
Ош – Кашгар багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда
31.01.2026 | 12:03

Ушул жылдын апрель айында Ош – Кашгар эл аралык авиакаттамын ачуу пландалууда. «Кыргызстан аэропорттору» жана Кытайдын COMAC авиакуруу корпорациясынын өкүлдөрү жаңы каттамды ишке киргизүү маселесин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Ош – Кашгар багыты боюнча учуулар COMAC C909 учактары менен аткарылары болжолдонду. COMAC корпорациясы аталган учактарды пайдаланган Chengdu Airlines авиакомпаниясынын акционери болуп саналат.
Бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, соода-экономикалык, туристтик жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом