16-апрель: Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 17 жаңы учур катталды

16-апрель: Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 17 жаңы учур катталды

Кыргызстандын аймагында 16-апрель саат 10:00гө карата дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 5
Ош облусу – 1
Нарын облусунда – 11.
Жаӊы катталган учурларда 7 аял, 10 эркек.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 466га жетти.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>