Кыргызгидромет 16-ноябрга карата өлкө боюнча аба ырайынын болжолдуу маалыматын жарыялады.
Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы;
Чүй облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз -1…+4
Талас району
түнкүсүн -3…+2
күндүз 0…5
Баткен облусу
түнкүсүн 1…6
түштөн кийин 3…8
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 1…6
түштөн кийин 3…8
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
түштөн кийин 2…7
Нарын облусу
түнкүсүн -6…-11
күндүзү 1…6.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, түнкүсүн кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү температурасы 0…2° жылуу болот.
Телеграм каналыбызга катталыңыз