Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен 180 баш бодо мал жүктөп келгендер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Мекемеден билдиргендей, алар «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жерден кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.
Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, материалдар Финполицияга өткөрүлүп берилди.
иллюстрациялык сүрөт