19 жашар жигит ГЭС-5 айылындагы көлмөгө чөгүп, каза болду

19 жашар жигит ГЭС-5 айылындагы көлмөгө чөгүп, каза болду

Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суу сактагычына бир адам чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Куткаруучуларга окуя тууралуу кабар саат 14:19да келип түшкөн.

Жеринде издөө иштери жүргүзүлүп, саат 15:00 чамасында 2001-жылы туулган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>