Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Опузалап акча талап кылуу менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
13.11.2021 | 10:54
Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.
Кармалган жаран күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом