Харри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгыштыМинистрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү
Опузалап акча талап кылуу менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
13.11.2021 | 10:54
Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.
Кармалган жаран күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом