«Ош» бажысы 5 тоннадан ашык контрабандалык жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
«MERCEDES-BENZ 814D» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан эч кандай жүк коштоочу документтери жок 2845 кг кунжут жана 2247 кг курут табылган.
Мамлекеттин бюджетине клтирилген зыяндын суммасы 1 133 650 сомду түздү. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.