Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең 20-декабрь күнү өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок болот, шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз +4…+9
Талас облусу
түнкүсүн -4…-9
күндүз +2…+7
Баткен облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +5…+10
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 0…-5
күндүз +5…+10
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +2…+7
Нарын облусу
түнкүсүн -20…-25
күндүз -1 … -6.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы +7…+9.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз