COP15: Тарыхый келишим кабыл алынды

COP15: Тарыхый келишим кабыл алынды

Дүйшөмбү күнү БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк конференциясында сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары континенттерди жана океандарды коргоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн олуттуу каржылоону камсыздоо боюнча эң маанилүү аракеттер тууралуу маанилүү макулдашууга жетишти.

Өсүмдүктөрдүн жана фаунанын көптөгөн түрлөрүнүн тез жоголушуна жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды аныктаган макулдашууга Монреалда конференциянын же COP15 аяктаганга бир күн калганда жетишилди.

Келишимдин эң маанилүү бөлүгү 2030-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүк үчүн маанилүү деп эсептелген жерлердин жана суулардын 30%ын коргоо милдеттенмеси жүктөлдү. Учурда кургактыктын 17% жана деңиз аймактарынын 10% коргоого алынган.

Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун соңку отчетуна ылайык, 1970-жылдардан бери жапайы жаныбарлардын популяциясы орто эсеп менен 69% кыскарган. Уюм мындай жогорку көрсөткүч адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы экенин белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: COP15

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>