Ысык-Көлдө «МАИ» кызматкери пара менен кармалды

Ысык-Көлдө «МАИ» кызматкери пара менен кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун ИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-декабрында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы укук коргоо органдарынын тутумунда коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты У.Т.З Ысык-Көл облусунун Б.С. аттуу тургунун административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуу жолу менен опузалап 5000 сом алганы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, андан аркы тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Пара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>