Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
20-ноябрга карата аба ырайы
20.11.2025 | 09:00

Бүгүн, 20-ноябрда, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым өрөөндөрүндө жана дыйканчылык аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Ал эми бийик тоолордо жана ашууларда карга айланышы мүмкүн. Калган аймактарда күн булуттуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 12…14°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 2…4°C, күндүз 14…16°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 4…6°C, күндүз 15…17°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 1…3°C, күндүз 12…14°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…2°C, күндүз 7…10°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -3…-5°C, күндүз 3…5°C болот.
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 1…3°C, күндүз 13…15°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом