2020-жылы Кыргызстандагы эгин талаа жана жайыттарды чегиртке басышы мүмкүн

2020-жылы Кыргызстандагы эгин талаа жана жайыттарды чегиртке басышы мүмкүн

2020-жылы Кыргызстандагы эгин талаа жана жайыттарды чегиртке басышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба мекемеси (FAO) билдирген.

Эгерде буга тиешелүү чара көрүлбөсө Кыргызстандын 120 миң гектардан ашык эгин талаа жана жайыттарын чегиртке каптап, дыйкандарды бушайманга салышы мүмкүн.

Буга байланыштуу, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба мекемеси тамак аш  коопсуздугун алдын алуу үчүн чегирткелер менен күрөшүүдө техникалык жардам көрсөтөрүн айтты. Бир жыл алкагында ишке аша турган долбоорго ылайык,  50 000 гектардан ашык жерди коргоого  алуу планланууда.

Долбоордун алкагында айыл чарба жерлерин изилдөө жана чегирткелер менен күрөшүү үчүн керек болгон шаймандар сатылып алынат жана тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин кызматкерлери окуудан өткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>