Москвада Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылы февралда өтөт

Москвада Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылы февралда өтөт

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Орусиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жеңиш Разаков өлкөлөр ортосундагы достукка, союздаштыкка жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-орус алакасы жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Ошондой эле 2020-жылы кайчылаш жылды өткөрүү жөнүндөгү демилгени колдогону үчүн Орусия тарапка ыраазычылык билдирди.

Михаил Швыдкой Орусия акыркы жылдарда биринчи жолу мурдагы постсоветтик өлкөлөрдөгү мамлекет менен кайчылаш жылды өткөрүүдө жана бул Кыргызстан  Орусия үчүн мааниси чоң, стратегиялык өнөктөш болуп саналаарынын далили экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн Кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөөрү күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>