2024–2029-жылдарга Кыргызстандын жаңгак экспорттоо потенциалы 8,6 млн доллар деп бааланууда

05.09.2025 | 16:12

«Кыргыз экспорттун» божомолуна ылайык, 2024–2029-жылдар аралыгында Кыргызстандан жаңгак экспорттоо мүмкүнчүлүгү болжол менен 8,6 млн долларды түзөт.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы өлкөдө 1000 тонна жаңгак өндүрүлгөн. Ал эми экспорттолгон жаңгактын көлөмү 7,5 млн долларды түзгөн.

Жалал-Абад облусу өлкөдөгү грек жаңгагы эң көп өстүрүлгөн аймак болуп эсептелинет. Ал эми Арстанбапта 60 миң гектар аянтты ээлеген дүйнөдөгү эң ири табигый жаңгак токою жайгашкан.

«Кыргыз экспорт» жаңгак экспорт үчүн эң потенциалдуу рыноктор Казакстан, Араб Эмираттары жана Италия экенин билдирди. Бирок учурда бул рыноктордун экспорттук потенциалы толугу менен колдонула элек. Бул маалыматтар жакынкы жылдары жаңгак экспортун кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүүдө.

Scroll to Top