2025-жылы Кыргызстандагы жумушчуларга дээрлик 3 млн сом кайтарылып берилди

22.01.2026 | 15:35

Кыргызстанда техникалык укуктук эмгек инспекторлорунун толук кандуу иши жандандырылды. 2025-жыл ичинде федерациянын адистери республикадагы 1,3 миңден ашык ишканага мониторинг жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында эмгек укуктарын бузгандык үчүн кызматкерлерге жалпы суммасы 2,9 миллион сомдук компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу билдирди.

Федерациянын статистикасына ылайык, өткөн жылы өндүрүштө адам өлүмү менен коштолгон 38 кырсык жана 47 жаракат алуу фактысы катталган.

Мурадил Жумадилде уулу эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо жаңыланган түзүмдүн ишинин артыкчылыктуу багыттарына айланып жатканын баса белгиледи. Жарандар үчүн айлык акы жана эмгек шарттары боюнча консультация алуу максатында 1229 номери боюнча ишеним телефону ишке киргизилди.

Scroll to Top