Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилди
11.02.2026 | 10:03
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка жеткирилди. Жакындарынын билдирүүсү боюнча, учурда Талгарбековдун үйүндө тинтүү иштери жүрүп жатышы мүмкүн.
Буга чейин Талгарбековдун ысымы Президенттин басма сөз катчысынын билдирүүсүндө аталган. Расмий маалыматта Садыр Жапаров коомдо жиктелүүгө (бөлүнүүгө) жол бербөө зарылдыгы тууралуу айтканда, Бекболот Талгарбеков жана Эмилбек Узакбаев сыяктуу адамдарды ишарат кылганы такталган.
Бекболот Талгарбеков — бир топ коомдук жана саясий ишмерлер тарабынан көтөрүлгөн өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесинин авторлорунун бири.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат