Жапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалууда
Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды
22.01.2026 | 15:51

Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 млн сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөдө аталган ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлери тоскоолдуктарды түзүү жана аткарылган иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу тендердик баанын 10%ын системалуу түрдө опузалап алышкандыгы аныкталган.
Ишкананын кызматкери А.К.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар