Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
2026-жылдан баштап спирт, арак жана сыранын баасы кымбаттайт
24.10.2025 | 16:05

Экономика министрлиги 2029-жылга чейин акциздик саясат боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатканын билдирди. Ага ылайык:
- Спирт жана арак – 2026-жылы 40 сомго кымбаттап, кийинки жылдары жыл сайын 20 сомдон кошулат.
- Шарап жана шампан – баасына жыл сайын 5 сомдон кошулат.
- Коньяк – биринчи жылы 40 сомго кымбаттайт.
- Сыра – литрине биринчи жылы 3 сом, андан кийин жыл сайын 5 сомдон кошулат.
Министрлик бул чаралардын максаты – акциздик саясатынын туруктуулугун камсыз кылуу жана бюджетке кошумча каражат тартуу экенин белгиледи.