Бишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келетУлуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейтКыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыЭнергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек Орунбеков
2026-жылдан баштап спирт, арак жана сыранын баасы кымбаттайт
24.10.2025 | 16:05

Экономика министрлиги 2029-жылга чейин акциздик саясат боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатканын билдирди. Ага ылайык:
- Спирт жана арак – 2026-жылы 40 сомго кымбаттап, кийинки жылдары жыл сайын 20 сомдон кошулат.
- Шарап жана шампан – баасына жыл сайын 5 сомдон кошулат.
- Коньяк – биринчи жылы 40 сомго кымбаттайт.
- Сыра – литрине биринчи жылы 3 сом, андан кийин жыл сайын 5 сомдон кошулат.
Министрлик бул чаралардын максаты – акциздик саясатынын туруктуулугун камсыз кылуу жана бюджетке кошумча каражат тартуу экенин белгиледи.