2030-жылга чейин электр энергиянын баасын 3,40 сомго жеткирүү пландалууда

2030-жылга чейин электр энергиянын баасын 3,40 сомго жеткирүү пландалууда

Кыргызстанда электр энергиянын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документти Энергетика министрлиги даярдаган.

Токтом долборунда электр энергиянын баасын 2030-жылга чейин жыл сайын көтөрүү сунушталып, 5 жылдан кийин өлкөдө 1 кВт/сааттын баасы канча болуп калары көрсөтүлгөн.

Сунушталган документке ылайык, быйыл 1-майдан тарта калк үчүн тариф 26 тыйынга кымбаттап (700 кВт/саатка чейин), 1,37 сом болуп калат. Азыр ал 1,11 сомду түзөт. Ошондой эле 700 кВт/саат чектен ашканда, азыркы тариф 2 сом 39 тыйын болсо, аны 21 тыйынга көтөрүп, 2,60 сом кылуу сунушталууда.

Сунушталган тарифтер: 

  • 2025-жыл – 2,37 сом (21 тыйынга көтөрүлөт)
  • 2026-жыл – 1,64 сом (27 тыйынга кымбаттайт)
  • 2027-жыл – 1,97 сом (33 тыйынга көтөрүлөт)
  • 2028-жыл – 2,36 сом (39 тыйынга кымбаттайт)
  • 2029-жыл – 2,83 сом (47 тыйынга көтөрүлөт)
  • 2030-жыл – 3,40 сом (57 тыйынга кымбаттайт)

Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарда турган тургундар үчүн тариф ушундай эле тартипте кымбаттайт. Бирок алар үчүн 700 кВт/саат чектөө жок.

Энергетика министрлиги 2024-жылы электр энергиянын өздүк наркы 2,72 сом болгонун, орточо тариф 2,11 сом экенин жана электр энергия өз баасынан 61 тыйынга арзан сатылып жатканын билдирет.

Электр энергия компаниялары былтыр 32,5 млрд сом киреше таап, чыгашасы 40,6 млрд сомду түзгөн. Ортодогу айырма 8,1 млрд сом болгон.

Министрлик электр энергиянын баасы өзүн-өзү актабай жаткандыктан, аны жыл сайын көтөрүүнү сунуштоодо.

Эскерте кетсек, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов электр энергиянын баасын көтөрүү пландары тууралуу айтып, быйыл аны 26 тыйынга, келерки жылы – 21, 2027-жылы – 24, 2028-жылы – 27, 2029-жылы – 31 жана 2030-жылы 36 тыйынга кымбаттатуу каралып жатканын билдирген.

Ал буга чейинки долбоор боюнча тарифти мындан көбүрөөк көтөрүү каралганын, бирок коомчулуктун пикирин эске алуу менен калкка бааны оор келбегендей көтөрүү чечими кабыл алынганын айткан.

Электр энергиянын баасы жыл сайын канча тыйынга кымбаттап турары айтылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>