Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Аравандын тургуну баңгизат сактоого шектелип кармалды
03.03.2025 | 14:16
Ош облусунун Араван районунун тургуну баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд учрунда Араван районунун тургунунун үйүнүн короосунан баңгизатка окшогон, өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүк табылып алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Экспертизадан жыйынтыгы боюнча табылып алынган зат “марихуана” болуп чыккан. Анын салмагы 1 кг 646 граммды түзөт.
Шектүү катары 53 жаштагы үй ээси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камак алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар