21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)

21-март – Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын борборунда жана райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бишкек мэриясы иш-чаралардын программасын жарыялап, шаардыктарды жана конокторду катышууга чакырды.
Борбордук Ала-Тоо аянтында майрамдык программа саат 11:00дөн 22:00гө чейин уланат. Аянтта «Ордо» этномаданий боз үйлөрү тигилип, анда Кыргызстандын этносторунун каада-салттары жана жашоо-турмушу көрсөтүлөт.
Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлө турган аянтча жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулат. Программа чыгармачыл жамааттардын жана эстрада артисттеринин катышуусундагы концерт менен коштолот. Сахнада улуттук жана заманбап чыгармалар, бий номерлери тартууланат.
Свердлов району:
Карагач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин каада-салттары көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттардын жана диаспоралардын катышуусунда концерт, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулат.
Октябрь району:
Ынтымак-2 паркында “Шайыр Балалык” балдардын чыгармачылык борборунун концерти өтөт. Спорттук оюндардын тизмесине шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол киргизилген. Ошондой эле мастер-класстар жана көргөзмөлөр өткөрүлөт.
Ленин району:
“Газпром — балдарга” спорт комплексинин аймагында саат 14:00дөн баштап концерт, этно-шаарча, көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Саат 15:00дө Ашар паркында боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук жана маданий иш-чаралар башталат.
Биринчи Май району:
Майрамдык иш-чара Ак-Босого конушунда өтөт. Программада боз үйлөрдү тигүү, элдик оюндар, каада-салттарды көрсөтүү жана концерттик программа каралган. Келген конокторго улуттук тамак-аштар сунушталат.