ӨКМ тоодо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти

02.01.2025 | 15:33

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоодо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти. Анда жаратылышта, бийик тоодо, шар аккан суунун жээктеринде эс алуу учурунда коопсуздукка көңүл буруп, эң жөнөкөй эрежелерге маани берүүгө чакырды.

– Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз;

– Кышында тоо-лыжа базаларында тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң;

– Тоодогу жагымсыз шарттарда, мисалы, калың кар түшкөндөн 2-3 күн өткөндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт;

– Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы туура;

– Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз;

– Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз;

– Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлоо керек;

– Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз;

– Сөзсүз түрдө башты соккудан коргой турган каска, кол жана беткап кийүү зарыл;

– Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, акырын түшүңүз;

– Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек;

– Катуу жамгыр, мөңдүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл;

– Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top