Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кара-Кулжада өзгөчө кырдаал режими алынды
02.01.2025 | 18:32
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында таза суу берүү калыбына келтирилип, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысынын 2025-жылдын 2-январындагы буйругунун негизинде кабыл алынды.
Белгилей кетсек, суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 18-декабрындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар