15-майдан тарта Грузия Россия менен Беларусия үчүн автоунааларды жана атайын техникаларды экспорттоого толук тыюу салды.
Бул чаралар санкцияларга байланыштуу кабыл алынган. Кыргызстанга түздөн-түз экспортко тыюу салынган эмес.
Бирок, бул чектөөлөр Кыргызстанга кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн. Кыргызстан акыркы жылдары Грузиядан унаа импорттоодо маанилүү өнөктөш болуп калды. Мисалы, 2024-жылы Грузиядан Кыргызстанга 31 092 унаа экспорттолгон, бирок алардын ичинен расмий түрдө 5440 гана унаа Кыргызстанга жеткен. Бул көрсөткүчтөр унаалардын көбү Кыргызстан аркылуу Россияга жөнөтүлөрүн көрсөтөт .
Грузиянын Россияга жана Беларуска унаа экспортун чектөөсү Кыргызстан аркылуу өтүүчү бул реэкспорттук агымга таасир этиши мүмкүн. Натыйжада, Кыргызстандагы унаа базарында сунуш азайып, баалар көтөрүлүшү ыктымал. Ошондой эле, бул чектөөлөр кыргызстандык унаа дилерлеринин бизнесине жана логистикалык чынжырларга таасир тийгизиши мүмкүн.