Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Казакстан Кыргызстанга жүк ташуучу транзиттик тарифтерди төмөндөттү
30.05.2025 | 12:03
Казакстан аркылуу Кыргызстанга темир жол менен жүк ташуу үчүн жаңы тарифтер 2025-жылдын 8-июнунан тарта күчүнө кирет.
“Казакстан темир жолу” ишканасынын 2025-жылдын 23-майындагы буйругуна ылайык, дан жүктөрүн ташуу – 55 пайызга чейин, мунай зат жүктөрүн ташуу – 20 пайызга чейин, башка жүктөрдүн түрүн ташуу – 50 пайызга чейин төмөндөтүлөт.
Белгилей кетсек, апрель айында жүктөрдү Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен ташууда тарифтерди төмөндөтүү маселеси боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн.
Анда Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынан чыккан/кирген жүктөрдү Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик ташууда бирдиктүү тарифтин деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө макулдашууларга жетишилген.
Рубрики: Жаңылыктар