Маданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койдуЕвропарламент Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу келишимди сентябрда карай тургандыгы айтылдыСадыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин Чолпон-Ата шаарында кабыл алдыКыргызстан өзүнүн чыгармачылыгын “Интервидение–2025” сынагында көрсөтөтСары-Ташта артиллериялык бөлүкчөлөрдүн талаа жыйыны өтүүдөБорбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөш
13.06.2025 | 09:34
Эмгек министри Равшанбек Сабиров Bitmain жана Kincaid тобунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ведомстводон маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу маселелери талкууланды.
Эмгек миграциясын кыскартуунун эффективдүү куралы катары өлкөнүн аймактарында жумушчу орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министр өлкөдө туруктуу экономикалык өсүш жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде салыктык жана укуктук кепилдиктер менен колдоого алынган жагымдуу инвестициялык климатты белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар