23-февралга карата валюталар курсу тууралуу маалымат

23.02.2022 | 10:37

Кечээтен бери доллардын орточо сатуу курсу өзгөргөн жок, евро 96,8833 сомго чейин өстү, орус рубли 1,1062 сомго чейин арзандады, теңге өзгөргөн жок.

АКШ доллары

Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу – 84,8 сом, сатуу – 84,9 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайларында доллардын орточо курсу: сатып алуу – 84,74 сом, сатуу – 84,91 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 84,8 сомду түздү.

Евро

Коммерциялык банктардагы евро курсу: сатып алуу 95,2 сомдон 95,7 сомго чейин, сатуу 96,7 сомдон.

Москва-Совет көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайларында евро орто эсеп менен 95,5 сомдон сатылып алынса, 96,76 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 96,0445 сом.

Рубль

Орус рубли коммерциялык банктарда сатып алуу – 1,055 сом, сатуу – 1,1 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайларында рублди орточо 1,058 сомдон сатып алып, 1,099 сомдон сатууда.

Улуттук банктын рублинин расмий курсу 1,0545 сом.

Теңге

Коммерциялык банктарда казак теңгесин сатып алуу – 0,185 сом, сатуу – 0,2 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайларында теңгенин орточо курсу: сатып алуу – 0,1861 сом, сатуу – 0,1996 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 0,1967 сом.

Scroll to Top