Кечээ, «24.01.24» датасында өлкө боюнча 184 түгөй никесин расмий каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, борбор калаада 41 түгөй, Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 үй-бүлө баш кошту, калгандары аймактарда катталды.
Министрликтин маалыматында, 2023-жылы расмий катталган никенин саны 1 миң 430га көп болуп, 44 миң 776 үй-бүлө куралган.
Январь айында 2 миң 838 түгөй никеге турду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз