Бишкекте мас болуп, үйүндө ызы-чуу чыгарган жаран 3 күнгө камалды

Бишкекте мас болуп, үйүндө ызы-чуу чыгарган жаран 3 күнгө камалды

Бишкекте 42 жаштагы жаран үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 3 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-январга караган түнү “102” кызматына үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, аталган маалымат тастыкталган. 42 жаштагы М.Э. аттуу жаран мас абалында сөгүнүп, үй-бүлөсүнө тынчтык бербей жаткан.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Аталган жаран милицияга жеткирилип, ага Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 70-беренесинин (үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде протокол түзүлгөн. Андан кийин ал Октябрь райондук сотуна жеткирилип, соттун чечими менен 3 күнгө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган же күбө болгон жарандарды “102” кызматына кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>