Оорукананын эшигин сындырууга айыпталган блогер Улукбек Карыбек уулу акталды

Оорукананын эшигин сындырууга айыпталган блогер Улукбек Карыбек уулу акталды

Блогер Улукбек Карыбек уулуна “бейбаштык” иши боюнча акталды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди.

“Кудайга шүгүр! Ош облустук төрөт үйүндөгү 36 миң сомдук эшиктин тагдырына Ош шаардык сотунан чечим чыкты. Биз уттук! Акталдык”, — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылы июль айында блогер Улукбек Карыбек уулу Ош облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү тууралуу материал даярдап, ал жакка кайрылган жарандар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берген.

Андан кийин аталган оорукана «Фейсбуктагы» баракчасына блогердин төрөтканага келгени тууралуу жазып, ал өзүн орой алып жүргөнүн, сыртта кийген кийими менен төрөт үйүнүн ичине киргенин, кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратканын жана реанимация бөлүмүнүн эшигин сындырганын билдирген.

Ошондой эле оорукананын кызматкерлери милицияга арыз жазып, блогер Улукбек Карыбек уулу жана аны менен чогуу келген 2 жигит бир дарыгердин колун кайрып, дагы бир дарыгерди түртүп салганда, ал башы менен дубалды сүзүп, жаракат алганын, ошондой эле, оорукананын эшигин сындыруу менен 36,9 миң сомдук зыян келтиргенин билдиришкен.

Бул окуяга байланыштуу блогерге карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылы 14-июлда милиция Улукбек Карыбек уулуну Бишкектен кармап, Ошко алып кеткен. Ал 48 саатка камакка алынып, андан соң сот аны эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон.

Эми арадан 7 айдан ашык убакыт өткөндөн кийин Ош шаардык сот блогерди актоо тууралуу чечим чыгарган.

Азырынча соттун өзүнөн чечим тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>