Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +6…+11
Талас облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +5…+10
Баткен облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +6…+11
Ош, Жалал-Абад облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +6…+11
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -1…-6
күндүз +3…+8
Нарын облусу
түнкүсүн -9…-14
күндүз 0…-5
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 8…+10° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз