БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
31-августта шаардын борборунда бир нече көчө жабылат
28.08.2024 | 14:26
31-августта майрамдык салтанатка байланыштуу Бишкектин борборунда бир нече көчө жабылат.
Алар:
– Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
– Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
– Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;
– Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ошондой эле Ч.Айтматов, Манас проспектиси жана Байтик баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.
30-августтан 2-сентябрга чейин Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом