Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Мүлккө салыкты төлөдүңүзбү? Салык органдары 31-август күнү дагы иштейт
28.08.2024 | 13:00
Кыргызстандын салык органдары салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, салык кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.
Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.