31-августтагы концертке чакырылган ырчыларга акча төлөнбөйт

31-августтагы концертке чакырылган ырчыларга акча төлөнбөйт

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанатка катыша турган орусиялык белгилүү ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Амирчик Bosson (автор хита One in a Million) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRIDке гонорар төлөнбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин пресс-кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Артисттер 100 жылдык мааракени куттуктап, бекер концерт коюшат.

«Болгону жатакана жана тамак-ашы менен гана камсыздайбыз. Ырчылардын келүүсүнөн дагы кынтык издеп, түрдүү талкууларды жаратып жаткан досторго айтарым, майрамга жакшы маанайда катышып, концерт көрүп кетиңиздер», — дейт Дайырбек Орунбеков.

Белгилей кетсек, 31-августта Бишкектеги аянтта жогоруда аталган ырчылардын концерти болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары орус ырчыларын, айрыкча Филип Киркоровдун чакырылышына каршы чыгууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>