31-декабрь: Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 191 киши илдетке чалдыкты

31-декабрь: Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 191 киши илдетке чалдыкты

Соңку суткада коронавирустан 1 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  Бишкек шаарында бир адам коронавирустан каза болду.

Ошондой эле жалпы олко аймагында 191 кишиден илдет табылган.

“Бишкек шаарында 64 адамдан, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 46, Ош облусунда 9, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 27, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 5 кишиден коронавирус аныкталды”, — деп билдиришти штабдан.

Мындан сырткары 294 адам коронавирустан сакайып үйлөрүно чыгышкан.  

Мунун менен Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын жалпы саны 81034кө жетип анын 75 918и сакайды.

Пандемия башталгандан бери жалпы 1355 кыргызстандык коронавирустан каза болду. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>