(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +12…+17
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк)
күндүз +10…+15
Баткен облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +22…+27
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +8…+13
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6, -2…-4 (үшүк)
күндүз +8…+13
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6, -2…-4 (үшүк)
күндүз +7…+12
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с., абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз