Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлагандай, ал ишкерден 5 миң доллар пара талап кылган.
Маалыматта айтылгандай, бөлүм башчы ишкерге «кылмыш ишин козгойм» деп коркуткан. Аны кармоо опперациясы УКМК менен Финполдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.